Бишкекте жылуулук берүү токтотулат

Иллюстрациялык сүрөт.

25-марттан баштап Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулат. Мэриянын басма сөз кызматы мындай чечим март айына карата аба ырайынын божомолун жана абанын сырткы температурасын эске алып кабыл алынганын билдирди.

Борбор калаада жылуулук былтыр 31-октябрдан тарта бериле баштаган.

2-февралда таңкы саат 3төр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.

Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркап, Бишкектеги “Тез жардам” борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатышат. (BTo)

Дагы караңыз

“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызматкерлери акцияга чыктыУКМК Панфилов паркынын жери мамлекетке кайтарылганын билдирдиӨзбекстанда кримтөбөл атыккан Салим Абдувалиев алты жылга кесилдиСот "Крокус Ситидеги" кол салууга шектүүлөрдү камакка алды