Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызматкерлери акцияга чыкты


“Бишкекасфальтсервистин” нааразылык акцияга чыккан кызматкерлери. 25-март, 2024-жыл.
“Бишкекасфальтсервистин” нааразылык акцияга чыккан кызматкерлери. 25-март, 2024-жыл.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын ондон ашык кызматкери айлык акыны көтөрүү жана ишкананын директору Эмил Жамаловду кызматтан кетирүү талабы менен 25-мартта Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акцияга чыкты.

Алардын өкүлдөрү ушул тапта шаар бийлигинин жетекчилери менен жолугушуп жатат.

“Бишкекасфальтсервис” шаардын жолдорун салуу, оңдоо иштерин аткарат. Асфальт-бетон аралашмаларын, темир-бетон буюмдарын, жол жана жол куруу материалдарын даярдайт жана чыгарат.

Ишкананын мурдагы директору Турусбек Түмөнбаев 2023-жылы ноябрь айында кызматтан алынып, анын ордуна ушул жылдын январь айында Эмил Жамалов дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG