Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Өзбекстанда кримтөбөл атыккан Салим Абдувалиев алты жылга кесилди


Салим Абдувалиев.
Салим Абдувалиев.

Ташкенттин Мирабад райондук соту “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанылган Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары Салим Абдувалиевди 19-мартта алты жылга абакка кести. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.

Ага Кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми “Аткезчилик” беренеси боюнча жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулган.

Салим Абдувалиев 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган.

Былтыр 2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейд өткөргөн. Ички иштер министрлиги өлкө аймагында 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган. Анын алкагында “Бахти Ташкентский” деген каймана ат менен белгилүү болгон Бахтияр Кудратуллаев, “Саидазиз медгородок” деген каймана ысымы бар Саидазиз Сайдалиев сыяктуу кримтөбөлдөр кармалган.

Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев 2022-жылы Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолугуп келгенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG