Бишкекте жарым жылда коомдук транспорт катышкан 80 жол кырсыгы катталды

Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы 2023-жылдын 29-сентябрынан 2024-жылдын 21-мартына чейин коомдук транспорттун катышуусунда 80 жол кырсыгы катталганын билдирди.

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы алардын ичинен 17 (22%) жол кырсыгына автобустун айдоочулары, 41не (52%) менчик машиналардын айдоочулары күнөөлүү деген жыйынтык чыгарган. Дагы 21 (26%) жол кырсыгы техникалык кеңеште каралып жатат.

Калаа бийлиги “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасында” жума сайын ички комиссия өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча жол эрежесин бузган айдоочуларды кызматтан бошотууга чейинки чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар алынып келип, каттамга чыгарылган. Шаар бийлиги алардын санын утур-утур көбөйтүп, маршруткалардын баарын автобустарга алмаштырууну көздөп жатат. Жаңы автобустар күн алыс жол кырсыгына кабылган окуялардын фото-видеолору социалдык тармактарда жарыяланууда. (BTo)

Дагы караңыз

БУУ жасалма интеллект боюнча резолюцияны кабыл алдыӨзбекстан Борбор Азиядагы эң бактылуу өлкө деп таанылдыКиевде "тынчтык формуласын" талкуулаган жыйын өттүБишкекте нөшөрдөн улам бир катар турак жайларды суу каптады 23-мартка карата аба ырайы тууралуу маалыматАКШ Газада ок атышууну токтотууга үндөгөн резолюцияны сунуштайт Белгородго урулган соккудан бир тургун каза болдуБалдардын порнографиялык видеолорун таратууга шектелген жаран кармалды