Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:42

Белгородго урулган соккудан бир тургун каза болду


Белгород мэриясы. 12-марттагы аткылоодон кийин.
Белгород мэриясы. 12-марттагы аткылоодон кийин.

22-март күнү эртең менен Орусиянын Белгород шаары аткылоого кабылып, бир жергиликтүү тургун каза болгону кабарланууда.

Shot Телеграм каналы жарыялаган видеого караганда, жардыруулардын бири эки ити менен сейилдеп жүргөн аялдан бир-эки метр алыста болгон. Аял жана анын бир ити ошол жерде өлгөн. Кийинчерээк облустун губернатору Вячеслав Гладков бул маалыматты тастыктады.

Расмий маалыматта дагы эки адам ооруканага түшкөнү, кыйроолор болгон айтылат. Гладков Орусиянын абадан коргонуу системасы иштеп жатканын белгилеп, чабуул үчүн украин армиясын айыптады. Киев буга комментарий берген жок.

Белгород облусу Украина менен чеектешет.

Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород облусунун үстүндө сегиз Vampire ракетасы жок кылынганын кабарлады.

22-мартка караган түнү Орусия Украинанын аймагындагы энергетика тармагына жапырт сокку урганы маалымдалган. Кремль да бул чабуулга комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG