Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:02

БУУ жасалма интеллект боюнча резолюцияны кабыл алды


АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд.
АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд.

21-мартта БУУнун Башкы Ассамблеясы жасалма интеллект технологиялары боюнча биринчи резолюцияны кабыл алды. АКШ иштеп чыккан документте жасалма интеллектти жөнгө салуу боюнча бирдиктүү эл аралык системаны түзүү зарылчылыгы айтылат. Башкы Ассамблея резолюцияны бир добуштан кабыл алганын "Америка авазы" радиосу билдирди.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынынан кийин журналисттерге буларды айтты:

«Адамзаттын жашоосуна байланышкан толгон - токой маселелерди чечкен уюм эмне үчүн жасалма интеллект менен алектениши керек? Анткени жасалма интеллект коопсуздук жагынан гана эмес, мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткандыктан да жашоонун бөлүгү болуп калды».

Америкалык дипломат жасалма интеллект ооруларды диагноздоо жана табигый кырсыктарды алдын ала айтууда колдонулуп жатканын айтты. Фермерлерге айыл чарба продукциясын өстүрүүгө жардам берип, мектеп окуучуларына сабак берүүдө да колдонуларын билдирди.

Бейшемби күнү, 21-мартта АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясынын кабыл алынышын кубаттаган.

Резолюцияга 50дөн ашык өлкө автор катары көрсөтүлгөн. (AiA)

XS
SM
MD
LG