Бишкекте нөшөрдөн улам бир катар турак жайларды суу каптады

Суу каптаган үйдү тазалоо. 22-март. Арча-Бешик.

Бишкекте нөшөрдөн улам бир катар турак жайларды суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 22-мартта Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндөгү эки үйдүн короосун, бир үйдүн жертөлөсүн жана короосун суу басты. Министрликтин жана "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын адистери тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Буга чейин Арча-Бешик конушундагы 32 үйдү суу каптаганы кабарланып, аталган мекемелерди кызматкерлери кырдаалды жөнгө салышкан.

Кыргызгидромет агенттиги 21-марттан 24-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жолдордо кар көчкү жана кар күрткү коркунучу бар экенин эскертүүдө. Нөшөрдөн улам Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. (SE)

Дагы караңыз

Назарбаев иниси Самат Абишти абактан куткарып калдыбы?Орусия Украинанын энергетика тармагына жапырт чабуул жасадыБалдардын порнографиялык видеолорун таратууга шектелген жаран кармалдыБелгородго урулган соккудан бир тургун каза болдуФутбол: Кыргызстан Кытай Тайбэйин 2:0 эсебинде утту