Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Футбол: Кыргызстан Кытай Тайбэйин 2:0 эсебинде утту


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жеңишин майрам жатат. 21-март, 2024-жыл.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жеңишин майрам жатат. 21-март, 2024-жыл.

21-март күнү Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Кытай Тайбэйинин курамасын 2:0 эсебинде утту.

Беттеш Гаосюн шаарынын Наньцзы стадионунда өтүп, 24-мүнөттө экинчи сары айып кагазын алып калган Саид Дациев оюндан четтетилди. Ак шумкарлар 10 оюнчу менен беттешти улантып, 54-мүнөттө Валерий Кичин пенальтиден гол киргизди. Кай Мерк болсо 80-мүнөттө дагы бир гол киргизип, эсеп 2:0 болду.

Эми ак шумкарлар 26-мартта, Бишкекте Кытай Тайбэйине каршы экинчи беттешин өткөрөт.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен өз талаасында жана алардын мекенинде беттешет.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат. (GT)

XS
SM
MD
LG