Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сейсмология институтуна шилтеме берип, 22-март саат 9:47де Тажикстандын аймагындагы очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдирди.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында (Кара-Тейит айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Карамык айылынан 15 чакырым түштүктө, Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк чыгышта) 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече жолу силкинген. 23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган. (BTo)
Дагы караңыз
ЖЭБдеги авария: Эмгекти көзөмөлдөө кызматы Бактыбековдун кайрылуусуна жооп бердиМэрия Бишкектин жолдорун жамоо уланып жатканын билдирдиКемпир-Абад иши: Илгиз Шаменов үч адамдын иши кыскартылганын билдирдиФутбол: Кыргызстан Кытай Тайбэйин 2:0 эсебинде уттуНавальныйдын апасынын сотко жазган арызы четке кагылды