Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:40

Навальныйдын апасынын сотко жазган арызы четке кагылды


Людмила Навальная.
Людмила Навальная.

Орусияда түрмөдө белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер Алексей Навальныйдын апасынын сотко жазган арызы четке кагылды. Бул тууралуу бүгүн 21-мартта маркумдун үзөңгүлөшү Иван Жданов билдирди.

Анын айтымында, саясатчынын апасы Людмила Навальная сотко абакта уулуна тийиштүү медициналык жардам берилбегенин айтып кайрылган.

Лабытнанги шаарындагы соттун чечиминде саясатчы каза болгон Харп кыштагындагы колониянын кызматкерлери Людмила Навальнаянын укуктарын эч кандай бузбаганы, уулунун укугу бузулган болсо сотко ал өзү – Алексей Навальный арызданышы керек болгону айтылды.

"Алексей колония кызматкерлери ага медициналык жардам бербегени тууралуу арыз менен сотко көп эле кайрылган. Бирок ал арыздарды четке кагып коюшчу. Эми аны өлтүрүп салышты, туугандары жазган арызды болсо ушинтип мазактаган сөздөр менен карабай жатышат", — деди Жданов.

Кремлдин келишкис сынчысы катары таанылган Алексей Навальныйга «экстремисттик коомчулук түзүү», «терроризмге чакыруу жана нацизмди реабилитациялоо», «ири өлчөмдөгү алдамчылык», «сотту урматтабагандык» деген ондон ашуун айып менен бир нече кылмыш иши козголгон. Аны үч жыл мурда кармап, былтыр жыл соңунда шарты катаал Ямал-Ненец автоном округунун Харп кыштагындагы өзгөчө тартиптеги колонияга которушкан.

Навальный быйыл 16-февралда абакта көз жумган. Саясатчынын жакындары ал киши колдуу болгонун айтып, өлүмү үчүн президент Владимир Путинди айыпташкан. Орусиянын Жаза аткаруу кызматы ал өзү каза болгонун, абалы кескин начарлап, реанимациялык жардам натыйжа бербегенин билдирген. Бирок диагнозу алигүнчө ачык айтыла элек.

Маркумдун сөөгү да жакындарына дароо берилбей, аны күч кызматкерлери кандай жана каерге көмүү керектиги тууралуу шарт коюшканы айтылган. Бул үчүн да туугандары арыз беришкен, ага жооп кандай болгону белгисиз.

Навальный 1-мартта Москвада Борисовское көрүстөнүндө жерге берилген. Аны менен коштошууга миңдеген киши барганын тарапташтары билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG