“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Бишкектеги жолдордун чуңкурларын жамоо иштерин улантып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына ылайык, Дэн Сяопин проспектисинин Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинин Фучика көчөсүнөн Павлова көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү аң-чөнөктөр жабылып жатат.
Буга чейин Чүй проспектиси менен Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсү менен Малдыбаев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, Байтик-Баатыр көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнөн Масалиевге чейин, Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзеге чейинки чуңкурларды жамоо иштери жыйынтыкталган.
Бишкекте жаз келгени көчөлөрдүн жолдору тешилип, аң-чөнөктөр көбөйдү. Шаардын тургундары бул боюнча социалдык тармактарда жазып, сүрөт-видеолорун жарыялап жатышат. Шаардыктар Бишкекте айрым жолдор салынгандан бир-эки жыл өтпөй жарактан чыгып калып жатканын айтышууда. (BTo)
Дагы караңыз
Кемпир-Абад иши: Илгиз Шаменов үч адамдын иши кыскартылганын билдирдиФутбол: Кыргызстан Кытай Тайбэйин 2:0 эсебинде уттуНавальныйдын апасынын сотко жазган арызы четке кагылды 21-март: Бектур Асанов Стамбулда дарыланат, Киев ракета чабуулуна кабылды, "Ынтымак" чемпион болду Сербиянын ТИМ башчысы Орусия жана Кытай менен мамиле "өтө маанилүү" экенин айтты