Баткенде майрамдык иш-чарага Өзбекстандын өкүлдөрү катышты

Ноорузду майрамдоо. Баткен. 21-март, 2024-жыл

Баткен шаарында 21-мартта Нооруз майрамына арналып өткөн салтанатка Өзбекстандын Сох районунун акимчилигинен келген өкүлдөр катышып, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттукташты. Иш-чарага Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов барды.

Анда сөз сүйлөгөндөр Нооруз эзелтен тили, дини бир кыргыз-өзбек элинин орток майрамы болуп келгенин белгилешти.

Облустун борборундагы стадиондо өтүп жаткан майрамдык салтанатты улай улуттук жана башка спорт оюндары, тамак-аш жана көркөм өнөр буюмдарынын көргөзмөлөрү уюштурулган. Нооруздун салттуу тамагы - сүмөлөк даярдалган.

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар облустун бардык райондорунда, Сүлүктү, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында да өтүп жатат. (JsA/ZKo)

Дагы караңыз

Киев ракета чабуулуна, Белгород аткылоого кабылды Сузакта жер астынан Өзбекстанга өтүүчү экинчи туннел табылдыЧек арада туннел казган жарандар Өзбекстанда камакта экени кабарландыКыргызстандагы НоорузБишкекте жаңы ат майдандын курулушуна капсула салынды