Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:07

Чек арада туннел казган жарандар Өзбекстанда камакта экени кабарланды


Сузактагы жер астында казылган экинчи туннел. 21-март, 2024-жыл.
Сузактагы жер астында казылган экинчи туннел. 21-март, 2024-жыл.

Кыргыз-өзбек чек арасында - Сузактын Бек-Абад айылында үйдүн ичинен Өзбекстандын аймагына өтүүчү туннел казып алган жарандар коңшу өлкөдө кармалганын "Азаттыкка" Ички иштер министрлигиндеги (ИИМ) ишенимдүү булактар маалымдашты.

Ага ылайык, эки өлкөгө жер алдынан өтүүчү туннел казган кыргызстандык жарандар Өзбекстанга чыккан кезде кармалган жана камакка алынган. Алар Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүүгө айыпталып, коңшу өлкөдө жазага тартылышы ыктымал.

ИИМ расмий маалымат бере элек.

20-март күнү саат 17:30 чамасында Сузак райондук милициясы Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылында Өзбекстандын аймагына өтүү үчүн жер астында казылган 350 метр узундуктагы туннел табылганын билдирген.

Ошол эле күнү түшкө чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 20-мартта Сузак районунун Бек-Абад айылындагы үйлөрдүн биринен аткезчилик үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун туннел табылганын маалымдаган. Аткезчилик жолду уюштурган деген шек менен 38 жаштагы адам кармалган.

2023-жылдын май айында Өзбекстанда Кыргызстанга мыйзамсыз жүк ташуу максатында жер астынан жол казган деп айыпталган онго жакын өзбек жараны соттолгон.

Буга чейин Ош облусунда да ушундай эле туннелдер табылган .(ZKo/TB)

XS
SM
MD
LG