Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:13

Сузакта жер астынан Өзбекстанга өтүүчү экинчи туннел табылды


Сузактагы жер астында казылган экинчи туннел. 21-март, 2024-жыл.
Сузактагы жер астында казылган экинчи туннел. 21-март, 2024-жыл.

20-март күнү саат 17:30 чамасында Сузак районундагы Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылында Өзбекстандын аймагына өтүү үчүн жер астында казылган 350 метр узундуктагы туннел табылган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.

"Текшерүүдө Бек-Абад айылынын тургуну 1983-жылы туулган жарандын үйүнүн короосунда шагыл үйүлүп турган. Үйдүн ичиндеги бөлмөдө туннелге түшүүчү атайын эшик орнотулган. Анын тереңдиги 12,5 метр болгон. Туннел Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун Коргон-Төбө районунун аймагына карай узундугу 350 метр, бийиктиги 2 метр 20 см. туурасы 1 метр болуп казылган", - деп жазылган маалыматта.

Милиция маалымдашынча, туннелдин ичине атайын электр жарыктары орнотулуп, эки тарапка адамдар жөө басып өтүүгө, жүк жана башка буюмдарды мыйзамсыз ташууга даярдалган. Үйдүн короосунан туннел казганга колдонулган үй шаймандары, казуу учурунда кийилген эркек кишинин кийимдери алынган.

Ушул эле күну Сузакта дагы бир жер астынан казылган туннел табылган. Азыркы учурда бул окуяга тиешелүү адамдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

2023-жылдын май айында Өзбекстанда Кыргызстанга мыйзамсыз жүк ташуу максатында жер астынан жол казган деп айыпталган онго жакын өзбек жараны соттолгон.

Буга чейин Ош облусунда да ушундай эле туннелдер табылган.(ZKo/TB)

XS
SM
MD
LG