Өзбекстандан сатып алынган автобустардын ар бири 89 миң 500 (АКШ) долларынан бааланган. 21-мартта автобустардын ачкычын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды. Коомдук автоунаалар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылык лизинг аркылуу алынган.
«ISUZU SAZ LE 60» үлгүсүндөгү автобустар Өзбекстандын «СамАвто» заводунан чыгарылган.
Ош мэриясы шаарда автобустар жетишсиз экенин айтып келген. 2022-жылы Өзбекстандан 50 автобус сатып алынган.
2017-жылы Орусиядан "ЛиАЗ" үлгүсүндөгү 30 автобус сатып алынып, учурда анын 18и иштеп жатат.
Жергиликтүү бийлик жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарды көбөйтүү менен шаардагы жол тыгынын азайтуу аракетин көрүп жатканын билдирген.
Азыр жаңы автобустарга айдоочулар жетишсиз болууда. (DSh)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров Ошто таза суу маселеси чечилгенин айтты Баткенде майрамдык иш-чарага Өзбекстандын өкүлдөрү катышты Киев ракета чабуулуна, Белгород аткылоого кабылды