Баткен шаарында 21-мартта Нооруз майрамына арналып өткөн салтанатка Өзбекстандын Сох районунун акимчилигинен келген өкүлдөр катышып, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттукташты. Иш-чарага Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов барды.
Анда сөз сүйлөгөндөр Нооруз эзелтен тили, дини бир кыргыз-өзбек элинин орток майрамы болуп келгенин белгилешти.
Облустун борборундагы стадиондо өтүп жаткан майрамдык салтанатты улай улуттук жана башка спорт оюндары, тамак-аш жана көркөм өнөр буюмдарынын көргөзмөлөрү уюштурулган. Нооруздун салттуу тамагы - сүмөлөк даярдалган.
Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар облустун бардык райондорунда, Сүлүктү, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында да өтүп жатат. (JsA/ZKo)