Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

Акылбек Жапаров Ошто таза суу маселеси чечилгенин айтты


Акылбек Жапаров Оштогу Нооруз жармаңкесинде. 21-март, 2024-жыл.
Акылбек Жапаров Оштогу Нооруз жармаңкесинде. 21-март, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарында таза суу көйгөйү чечилгенин айтты. Бул тууралуу 21-мартта аталган калаадагы Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатта сүйлөгөндө билдирди.

"Азыр Ош шаарынын аянты 2,5 эсеге кеңейди, элинин саны 100 миң адамга көбөйдү. Былтыр шаардын таза суу көйгөйүн чечип бердик. Дүйнөлүк жаңы мейкиндиктерди ачкан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – транзиттик ири долбоор, Ош шаары – бул жолдо тосуп алчу биринчи дарбаза болот", - деди Жапаров.

Былтыр 31-августта Ош шаарын таза суу менен камсыз кыла турган төрт резервуар ишке берилген. Ар бир резервуарга 6 миң куб метр суу бата турганы жана анда жарандар үчүн ичүүчү суу топтолору айтылган.

Жүз миңдеген адам жашаган Ош шаарында жамгыр жааган сайын Ак-Буура дарыясы ылайланып, суу берүү кээде эки-үч күнгө чейин токтотулган учурлар болгон. Ондогон жылдар бою чечилбей келген бул көйгөй резервуар ишке берилгенден кийин толук жоюлдубу же жокпу, "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билгенге аракет кылууда.

Административдик-аймактык реформага ылайык, Ош шаарын курчаган бир нече айыл калаага кошулган. Расмий эсепте калктын саны 450 миңден ашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG