Спикер Шакиев илим министрлигин түзүү керектигин айтты

Нурланбек Шакиев

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 20-мартта Улуттук илимдер академиясына барып, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, академик А.Алтымышбаев атындагы Философия институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Аягында Улуттук илимдер академиясынын жалпы жамааты менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту. Шакиев учурда илим изилдөө тармагы чоң реформага муктаж экенин айтып, илимге көңүл буруу зарылчылыгы турганын билдирди.

"Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим изилдөө мекемелерин тейлейт. Бирок бирине жетишсе, бирине жетишпей, ири реформаларды ишке ашыра албай келет. Андыктан, бала бакча менен мектептерди өзүнчө, ал эми жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүү зарыл деп эсептейм".

Шакиев Илимдер академиясында сакталып турган тарыхый кол жазмаларды санариптештирип, кам көрүү керектигин да айтты.

Кыргызстандагы Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Учурда академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкерлер түзөт. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген.

Былтыр президент Садыр Жапаров Илимдер академиясы музейге эмес, иш кайнаган жерге айланышы керек экенин белгилеген. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусиянын эки облусу дрон чабуулуна кабылды "Жүн менен кошо миң сомдуктарды өрттөйбүз"АКШда өзбек аял мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапты"Кемпирабадчылар" сот залынан негизсиз чыгарылганын билдириштиКемпир-Абад иши: Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты