Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:57

Орусиянын эки облусу дрон чабуулуна кабылды


Белгород.
Белгород.

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Белгород облусунда реактивдүү снаряддын соккусунан 20-мартта бир киши каза болгонун, бир өспүрүм бала жараат алганын жергиликтүү жарандык коргонуу мекемесинин маалыматына таянып ТАСС агенттиги билдирди.

Жалпысынан жапырт аткылоочу RM-70 Vampire системасынын 13 реактивдүү снаряды атып түшүрүлгөнү, алардын бири машина токтотуучу жайда турган автомашиналарга тийгени, жараат алган бала ооруканага жаткырылганы, бир нече киши жараат алганы кабарланды.

Орусия бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптоодо.

Белгороддо соңку күндөрдөгү чабуулдардын айынан мектептерде жазгы каникул эрте башталды, жогорку окуу жайлар аралыктан окууга өттү, спорттук жана маданий иш-чаралар убактылуу токтотулду.

20-мартка караган түнү Орусиянын Европа бөлүгүнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Саратов облусу да учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Саратовдо төрт, Белгороддо бир дрон атып түшүрүлгөнү айтылды, жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Ал эми Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы Саратов облусунун Энгельс шаарында "бутага алуу өз максатына жеткенин" билдирди, андан башка маалымат берилген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG