Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар алты миң адамдан ашты

Кызамыкка каршы эмдөө учуру. Бишкек. 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысованын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык (корь) жуктургандардын саны 6 081 адамга жетти. Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында. Бул тууралуу ал 20-мартта Бишкекте өткөн брифингде айтты.

Гүлбара Ишенапысова 2023-жылы кызамык 7 046 кишиге жукканын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитине барып статистика боюнча кызамыкка чалдыккан балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенин айткан. Президент буга байланыштуу балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин билдирген.

СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм учурлары да саналуу болчу. Диний ишенимдерден улам вакцинадан баш тартуу 2012-жылдан башталган. Анын кесепетинен улам 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылган 17 миң учур катталып, кескин көбөйүп кеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандар кескин жогорулап, жылына 2000 учур катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.

2020-жылкы коронавирус пандемиясы дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда пландуу эмдөөгө кедергисин тийгизген жана анын айынан 2023-жылы көп өлкөлөрдө кызамык кайрадан күч алган. Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жылдын башында кайрадан башталган.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) колдоосу менен былтыр дароо ири эмдөө өнөктүгүн баштаган. Вакцинациялоо быйыл да улантылып жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартканы себеп болгонун белгилеп жатат. Министрликтин маалыматында, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын билдирген. Ушундан улам министрлик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү менен кызамык жана ага каршы вакцина тууралуу талкуу жүргүзүп, дин өкүлдөрүнөн бул жаатта маалымат таратууга көмөктөшүүнү суранып келет.

Муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев өзү да балдарын кызамыкка каршы эмдетүүдөн өткөргөнүн, диний кызматкерлер мечиттерде элди эмдөөгө каршы болбоого чакырып жатканын айтты.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Чүйдө ишкер ири алдамчылыкка шек саналып кармалдыБУУнун атайын баяндамачысы тажик бийлигин сегиз саясий туткунду бошотууга чакырдыАКШ министри Батыш Украинанын жеңилишине жол бербей турганын айттыКазакстан менен Өзбекстан чек арадагы дарыяларга эсептегич орнототОрусиялык журналист жана спорт баяндамачысы Василий Уткин көз жумду“Ак-Кула” ат майданынын мүлкү аукционго коюлат