Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Чүйдө ишкер ири алдамчылыкка шек саналып кармалды


Алдамчылыкка шектүү адам. Чүй облусу. ИИМдин сүрөтү.
Алдамчылыкка шектүү адам. Чүй облусу. ИИМдин сүрөтү.

Чүйдүн Панфилов районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнө сугат лотокторун куруп берүүнү убада кылган ишкер, "НЭК ЛТД" ишканасынын жетекчиси Т.Э. кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Панфилов райондук милициясына Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы кайрылып, "НЭК ЛТД" ишканасынын жетекчиси Т.Э. 12 млн 241 222 сомду алып, сугат лотокторун куруу боюнча келишимди аткарбай койгонуна даттанган. Маалыматка ылайык, келишим боюнча долбоордун жалпы суммасы 15,3 млн сом болгон.

Бул факт боюнча Панфилов милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козгогон. Бул факт боюнча Эсеп палатасы да аудитордук текшерүү жүргүзүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин аныктаган.

Чүй облустук жана Панфилов райондук милициясынын кызматкерлери "НЭК ЛТД" ишканасынын жетекчиси, 39 жаштагы Т.Э. аттуу жаранды кармашты. Шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүчү аталган ишкана 2020-жылы 6-октябрда каттоодон өткөн. Анын ээси Эрмек Токтосунов аттуу жаран.(ZKo)

XS
SM
MD
LG