Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:02

Орусиялык журналист жана спорт баяндамачысы Василий Уткин көз жумду


Василий Уткин
Василий Уткин

Василий Уткин 53 жаш курагында Москвадагы Пирогов атындагы кардиологиялык ооруканада көз жумганын "Свобода" радиосуна анын жакындары ырасташты.

"База" басылмасы ал ооруканага "Тез жардам" менен жеткирилгенин жазды.

Уткин – Орусиянын спорттук телеканалынын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал НТВ жана НТВ+ телеканалдарында иштеп, "Дождь" телеканалында, "Эхо Москвы" радиосунда телеберүүлөрдү алып барган жана башка орус, украин каналдары менен кызматташып келген.

Тележурналист катары карьерасын кайра куруу мезгилинде Орусиянын 1-каналындагы "Взгляд" программасын түптөгөн. "Свобода" радиосунун студиясында бир нече ирет маек курган.

Василий Уткин театрда жана бир катар тасмаларда роль жараткан. Өзүнүн "Эгриси" аттуу футбол клубу болгон. Анын YouTube каналына 600 миңден ашуун адам катталган.

Уткин 2011-жылы Москвада таза шайлоо талап кылган митингди алып барган. Куугунтукталган журналисттерди жана саясий туткундарды колдогон кайрылууларга кол коюп жүргөн.

"Свобода" жазгандай, 2018-жылы Кремлдин кысымы алдында Орусияда өткөн Футбол чемпионатында баяндамачылыктан четтетилген. Өмүрүнүн акыркы жылдары саясий позициясынан улам теледе иштей албай калганын тааныштары соцтармактарга жазышууда.

2020-жылы Уткин Конституцияны президент Путиндин бийлигин кеңейтип, Москвага эл аралык уюмдардын чечимдерин аткарбоосуна жол бергендей кылып өзгөртүүгө каршы кайрылууга кол койгон.

Маркум журналисттин тажыясы качан, кайда өтөрү азырынча белгисиз. Анын Телеграм- каналында бул тууралуу кечирээк кабарланары жазылды.

XS
SM
MD
LG