Адвокат абактагы Гүлжигит Исаковдун абалы начарлаганын кабарлады

Гүлжигит Исаков.

“Бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн” деген айып менен кармалып, тогуз айдан бери тергөө абагында отурган активист Гүлжигит Исаковдун абалы начарлаганы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Сартпай Жайчыбеков билдирди.

“Анын бир эле бөйрөгү бар экен. Ошол бөйрөгү ооруп жатыптыр. Азыр өзү коркуп турат. Сотко үй камагына чыгаруу боюнча бир нече жолу өтүнүч бергенбиз. Бирок канааттандырган жок”, - деди адвокат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен былтыр 5-июнда жарандык активист Гүлжигит Исаковду, "Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматованы, жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаевди жана дагы эки кишини камакка алган.

Алар "чет элдик булактардан акча алып, бийликти басып алууга даярдык көргөн" деп айыпталган жана УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин кармалгандардын экөө үй камагына чыкканы маалым болгон.

Учурда иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

Гүлжигит Исаков Фейсбуктагы баракчасында бийликти байма-бай сындап келген. Ал кыргыз-өзбек чек ара келишими, салык саясаты, коррупция менен күрөшүү сыяктуу маселелерде ой-пикирлери менен бөлүшүп турган. (MKt)

Дагы караңыз

Молдова Приднестровьедеги шайлоо үчүн орус дипломатын өлкөдөн чыгарды Жапаров дааватка билимдүү адамдар чыгышы керектигин айттыКөк бөрү: "Ынтымак" жана "Достук" Нооруз мелдешинин финалына чыктыПрокурор Мадумаровду күнөөлүү деп таап, жазадан бошотууну сураганы кабарланды