Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Жапаров дааватка билимдүү адамдар чыгышы керектигин айтты


Президент Садыр Жапаров жана Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз Закиров. Бишкек. 13-март, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз Закиров. Бишкек. 13-март, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров улуттук "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, өткөн жумада Мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) муфтийи Абдулазиз Закировду кабыл алган учурдагы айткандарына түшүндүрмө берди.

Журналисттин "соцтармактарда сизди аалымдарды "сабатсыз деди, дааватка каршы" дегендер көбөйдү" деген суроосуна жооп берип, мындай сынчыларды "кылдан кыйкым издегендер" деп айыптады.

Мамлекет башчы дааватка чыккан адамдардын кийим-кечесин, үстү-башын оңдоо, диний билим-илими бар адамдар дааватка чыгуусу тийиштиги тууралуу айтканын тактады.

"Муфтийди кабыл алганда дааватчылардын кийинген кийимдерин оңдойлу, башка өлкөлөрдүн салттарын сиңирбей, өзүбүздүн эле улуттук салттарды жайылталы, эң жок дегенде медресени бүткөн же Ислам университетин аяктаган билимдүү балдарды дааватка чыгаралы деген сунушумду айттым", - деген президент кийинки убактарда динден дээрлик түшүнүгү жок адамдар дааватка чыгып, элди иренжитип жатканы тууралуу даттануулар болгонун белгилеген.

"Мен дааватты колдойм. Молдонун, ажынын баласымын. Дааваттын зыяны жок. Дааваттан 90-жылдардан бери канча деген жарандарыбыз оң жолго түшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Болгону дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал-муруттарын тегиздеп, билими толук, кандай гана суроолор болсо жооп бере алгандарды жиберсек жакшы болот эле. Ошондо элибиз да дааватчыларга ишенип, аларды кунт коюп угуп, ээрчийт эле", - деген Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 13-мартта муфтий Абдулазиз Закировду жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Тойгонбай Абдыкаровду кабыл алган. Анда президент Кыргызстан светтик жана көп конфессиялуу өлкө, калктын 90% жакыны мусулмандар экенин белгилеп, исламдын толеранттуулукка чакырган баалуулуктарын жайылтууда муфтияттын ролу чоң экенин айткан.

2021-жылдын октябрь айында 2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

2003-жылдан бери Кыргызстанда баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG