Көк бөрү: "Ынтымак" жана "Достук" Нооруз мелдешинин финалына чыкты

"Достук" командасы менен "Ынтымак" командаларынын тайпалык оюндардагы беттеши.

Таластын "Ынтымак" жана Оштун "Достук" командалары Бишкекте өтүп жаткан көк бөрү боюнча Нооруз-2024 республикалык мелдешинин финалына чыкты.

19-мартта "Ак кула" ат майданында Жогорку лигада жарым финалдык оюндар болду.

Алгачкы жарым финалдык оюнда “Сары-Өзөн” менен “Ынтымак” командасы беттешип, 5:1 эсебинде "Ынтымак" командасы жеңишке жетти. Ал эми экинчи жарым финалдык беттеште “Достук” “Мурас” командасын 11:4 эсебинде утту. Финалдык оюн 21-мартта өтөт.

Эки команда аталган мелдеште бир топко туш болуп, тайпалык оюнда "Достук" командасы жеңишке жетип, 5 упай менен биринчи орунду алып, кийинки баскыча чыкса, "Ынтымак" командасы экинчи орун менен жарым финалга чыккан.

Көк бөрү боюнча Нооруз-2024 республикалык мелдешине 39 команда катышууда. Алар төрт лигага бөлүнүп ойноп жатат.

Жогорку лига - 6 команда, Биринчи лига - 11 команда, Экинчи лига - 16 команда жана Легендалар лигаcында 6 команда бар.

Биринчи лигада "Кара-Кулжа" жана "Намыс" командалары финалга чыккан.

Көк бөрү Кыргызстандагы популярдуу ат оюндарынын бири. Улуттук спорттун бул түрүнөн республикалык мелдештер жылына үч жолу: Нооруз, 9-Май - Жеңиш күнү жана 31-август - Эгемендик күнүндө уюштурулуп келет. (GT)

Дагы караңыз

Казак аскерлери Голан дөңсөөлөрүндө тынчтык орнотуучулар миссиясына кириштиГаза: Кыргызстан согушту токтотууга, АКШ Рафахка аскер киргизбөөгө үндөдү ЕБ Беларустун жана Орусиянын дан импортун чектей турган чечим кабыл алууда