Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:00

Казак аскерлери Голан дөңсөөлөрүндө тынчтык орнотуучулар миссиясына киришти


Голан дөңсөөлөрүнө жөнөтүлгөн казакстандык аскер кызматкерлери. 2024-жылдын март айы.
Голан дөңсөөлөрүнө жөнөтүлгөн казакстандык аскер кызматкерлери. 2024-жылдын март айы.

Казакстандык аскерлер Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тынчтык орнотуучулар миссиясы алкагында Голан дөңсөөлөрүнө барып, кызматына киришти. Казакстандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, бул аскердик контингент Жакынкы Чыгыштагы элдешүү шарттарынын аткарылышына көз салып, Улуттар Уюмунун Түштүк Судандагы миссиясынын ишине катышат.

Голан дөңсөөлөрү Израилдин Ливан жана Сирия менен чектешкен тилкесинде жайгашкан.

Казакстандык 139 аскер кызматкери Сириянын борбору Дамаск шаарына учак менен, андан ары Фауар базасына автомашиналар менен жеткирилди. Алар тийиштүү техника – брондолгон машиналар, КамАЗдар, кичи автобустар жана жолтандабастар менен жабдылган.

Казакстандык тынчтык орнотуучулар бул аймакка мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин чечиминин негизинде жөнөтүлдү. Казакстан Борбор Азия аймагындагы республикалар арасынан эл аралык тынчтык орнотуу программаларына катышкан жалгыз өлкө. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, соңку он жылда казакстандык ондогон аскер БУУнун тынчтык орнотуучусу катары Батыш Сахарада, Кот-д’Ивуарда, Малиде, Борбордук Африка Республикасында жана Ливанда аскердик байкоочу жана штаб офицери болуп кызмат өтөдү. (RK)

XS
SM
MD
LG