Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:08

ЕБ Беларустун жана Орусиянын дан импортун чектей турган чечим кабыл алууда


Иллюстрациялык сүрө.
Иллюстрациялык сүрө.

Европа Биримдиги Беларустан жана Орусиядан дан импортун чектөө тууралуу чечим кабыл алууга даярданып жатканын 19-мартта Financial Times басылмасы өз булактарына таянып жазды. Басылманын маалыматына караганда, аталган эки өлкөдөн дан эгинин Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин аймагына алып кириш үчүн алым (пошлина) төлөнүшү керек болот.

Европа комиссиясы Беларустан жана Орусиядан ташылып барган дан эгининин ар бир тоннасы үчүн 95 евродон (103,26 АКШ доллары) алуу, май чыгара турган өсүмдүктөрдүн данегине жана аларды кайра иштетүүдөн чыккан азыкка да бул сумманын жарымына барабар пошлина төлөтүү планын жакын арада ишке ашырары маалымдалды.

Мындай чара аталган эки өлкөнүн данынын баасын 50% жогорулатары, натыйжада импортту чектеп, жергиликтүү фермерлерди коргоого мүмкүнчүлүк берери белгиленди.

Орусиянын жана Беларустун дан азыктарын биримдиктин аймагына киргизбөө тууралуу биргелешкен чечим кабыл алуу сунушун алгач Польша сунуштаган. Польшага Украинадан айыл чарба продукциясын ташып кирүүгө жана Европа Биримдигинин экологиялык планына каршы акциялар бул өлкөдө бир нече ай мурда башталган. Украина менен чек ара бекеттери жана жолдор бөгөттөлүп, белгисиз бирөөлөр украиналык оор жүк ташуучу машиналарга жана темир жол вагондоруна жүктөлгөн данды сыртка чачып кетишкен.

Фермерлер өндүргөн продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн Украинадан импорттолгон арзан азык бузуп, баасын төмөндөтүп, Евробиримдиктин айыл чарба тармагында экологиялык таза технологияларды колдонууга жана атмосферанын булганышына каршы 2050-жылга чейинки «Жашыл багыт» планы да көйгөй жаратып, аларды чектеп жатканын айтышкан.

Ушундай эле нааразылыгын айткан дыйкандардын акциялары Бельгияда, Германияда, Францияда, Румынияда да өткөн.

26-февралда Бельгиянын борбору Брюссель шаарына миңдеген фермер тракторун айдап барып, өндүргөн продукциясынын баасы кеткен чыгымынан жогору болушун камсыздап берүүнү талап кылган акциясын өткөргөндө полиция менен кагылышуу болгон.

Бул күнү Брюсселде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн айыл чарба министрлеринин жыйыны өткөн. Алар фермерлерге «жашыл план» боюнча түшкөн административдик жүктү азайтуу жолдорун талкуулап келатышат.

Украиналык оор жүк ташуучуларга Орусия алардын өлкөсүнө кол салгандан кийин колдоо көрсөтүү максатында Европа өлкөлөрү айрым жеңилдиктерди беришкен.

2022-жылдын февралында Орусия кол салгандан бери Украинанын өндүргөн продукциясын, айрыкча дан азыктарын мурдагыдай Кара деңиз аркылуу экспорттоо мүмкүнчүлүгү кыйла чектелген. (RK)

XS
SM
MD
LG