Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болду. Дагы 1 673 киши жаракат алды.
Мекеме өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жаракат алгандар 8,5%, каза тапкандар 24,1% азайганын билдирди.
Өлкөдө 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.
Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу жана жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.
“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd кытайлык компаниясы жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.
Бул проект пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын былтыр сотко берген. (BTo)
Дагы караңыз
Оторбаева 24.kg маалымат агенттигиндеги өзгөрүүлөрдүн себебин түшүндүрдүКочкордун акиминин орун басары пара менен кармалганы кабарланды"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруунун кезектеги этабы башталдыПрезидент Жапаров өлкөдө митингге түрткү берчү жагдай жок деп эсептейтЖапаров дааватка билимдүү адамдар чыгышы керектигин айттыКыргызстанда электр энергиясы май айынан тартып кымбаттайтӨкмөт “Жунда” заводу күзүндө иштеп баштарын билдирдиДепутат Бекешев ооруканаларда дары-дармек жетишпей жатканын айтты