Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Өкмөт “Жунда” заводу күзүндө иштеп баштарын билдирди


“Жунда” заводу.
“Жунда” заводу.

Кара-Балтадагы мунай иштеткен “Жунда” заводун ушул жылдын экинчи кварталында ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Жунда” заводуна барганда айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, заводду быйыл күзүндө модернизациялоо пландалууда.

2023-жылы октябрда “Жунданы” калыбына келтирүү, модернизациялоо боюнча Кытайдан жумушчу топ келген. “Жунданын” иши 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары завод коррупциянын айынан иштебей турганын, текшерүүлөрдөн тажап, ишин токтотуп койгонун айтып чыккан.

“Жунда” жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.

2015-жылы ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматы (Финансы полициясы) заводдун айрым кызматкерлерине “салыкты жашырды” деген айып менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, “кылмыштын курамы жоктугуна” байланыштуу аларды актаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG