Нооруз майрамында Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат

Нооруз майрамын белгилөө. Ала-Тоо аянты, Бишкек. 21-март, 2023-жыл.

Бишкек шаарында Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу Ала-Тоо аянтына жакын көчөлөр 18-марттан 23-мартка чейин беш күн жабык болот. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Чүй проспекти Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, ал эми Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жабык болот.

Аталган көчөлөр 18-мартта саат 22:00дөн тартып, 23-март күнү саат 00:00гө чейин жабык болот.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү буга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды.

Нооруз майрамы 21-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында, жер-жерлердеги борбордук аянттарда, маданият үйлөрүндө өткөрүлүп келет. Бул күнү Нооруздун символу болгон сүмөлөк кайнатылып, улуттук спорт оюндары уюштурулат. (ZKo)

Дагы караңыз

ИИМ санитардык полигонго тосмо коюуда мыйзам бузулганын билдирди Президенттин басма сөз катчысы телефон шылуундарынан сак болууга чакырдыСот Аскат Жетигенди эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоттуГазанын аш-Шифа ооруканасына чабуул коюлдуИшкерликти колдоого 6,2 млрд сом үстөк пайызсыз насыя берилди