Ишкерликти колдоого 6,2 млрд сом үстөк пайызсыз насыя берилди

Тигүү цехи. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы 1-мартка карата "Микро, чакан жана орто ишканаларды чукул колдоо" долбоорунун алкагында 6 млрд 249 млн 025 миң 918 сом үстөк пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Пайызсыз насыяны 9 288 ишкер алды. Алардын ичинен 8 110 ишкерге 1-категориядагы 1 млн сомго чейинки насыя берилген, жалпы суммасы - 4 млрд 471 млн 987 миң 243 сом. 1 178 ишкерге 2-категориядагы 3 млн сомго чейинки - жалпы суммасы 1 млрд 777 млн 38 миң 675 сомду түзгөн насыя берилди.

Чакан ишкерликти колдоого багытталган пайызсыз насыя долбоору 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Маалыматта үстөк пайызсыз насыянын кайтаруу мөөнөтү жана алуу шарттары ачыкталган эмес.

2023-жылы Финансы министрлиги чакан жана орто ишкерликти колдоо долбоорлору үчүн бюджеттен 2 млрд сом бөлгөн.

Ишкерлер жер-жерлерде өкмөт убада кылган пайызсыз же пайызы төмөн насыялар аз берилип жатат деп нааразылыгын айтып келишет.(ZKo)

Дагы караңыз

"Түркияда боорду сокур ичегидей алмаштырып калыптыр" Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү Газадагы аскердик аракеттерди токтотууга чакырды“Керемет Банктын” төрагасынын мурдагы орун басарына сот чечими чыктыФейсбуктагы пост үчүн айыпталган Асанов боюнча мурдагы өкүм күчүндө калды