Аба ырайы: жаан-чачын жаабайт

19-мартта Кыргызстанда жаан-чачын жок. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7 градус жылуу.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 17…19° жылуу болот.

Дагы караңыз

Бишкекте жана Ошто үч эм ымыркайлар төрөлдүСот Адахан Мадумаровдун тарапташына 50 миң сом айып салды "Жүн менен кошо миң сомдуктар өрттөлөт" Кыргызстанда 266 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жокПутин Навальныйды айырбаштоого макул болгонун айтты