Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Бишкекте жана Ошто үч эм ымыркайлар төрөлдү


Бишкектеги төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт
Бишкектеги төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө үч эм ымыркай төрөлдү. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги ырастады.

Анда айтылгандай, 15-мартта бир кыз жана эки эркек бала кесарево операциясы аркылуу төрөлдү. Ымыркайлардын салмагы - 2 кг 40 грамм, 2 кг 279 грамм жана 2 кг 940 грамм.

Балдардын энесинин абалы туруктуу экени, ымыркайларды эмизип жатканы кабарланды.

Расмий маалыматка караганда, 2022-жылы өлкөдө 1380 эгиз, 13 үч эм жана 1 төрт эм төрөлгөн. 2021-жылы 1452 эгиз, 17 үч эм, ал эми 2020-жылы 1552 эгиз, 18 үч эм бала жарык дүйнөгө келген.

Андан мурдараак, 7-март күнү Ош шаарындагы облустар аралык ооруканасында да үч эм төрөлгөн. Ымыркайлардын бири кыз, экөө эркек балдар. Балдардын 37 жаштагы энеси - Айсана Султанова буга чейинки төрөтүндө эгиз балдарды төрөгөнүн, жаңы төрөлгөн үч эм менен кошо 7 балалуу болуп, "Баатыр энеликке" талапкер болгонун аталган оорукананын жетекчилиги журналисттерге билдирген.

Былтыр Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетти. Өлкөнүн миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG