Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуусу боюнча тынчсыздануусун билдирди.
Өкүл аталган мыйзам долбоору жарандык коомдун ишмердүүлүгүндө негизсиз чектөөлөргө алып келиши мүмкүн, анын ичинде туруктуу өнүгүү максаттарды ишке ашырууга тоскоол болушу ыктымал деген тынчсыздануусун билдирген.
"Жарандык коом мамлекет жана башка өнөктөштөр менен катар өлкөнүн социалдык-
экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө, калктын аярлуу жана маргиналдуу катмарларына
негизги кызматтарды көрсөтүүдө, кризис мезгилинде муктаж болгондорго жардам көрсөтүүдө,
адам укуктарын коргоодо жана тынчтыкты чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Мыйзамдын кабыл алынышы жарандык коомдун жакырчылык менен күрөшүүгө, теңсиздикти кыскартууга жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө багытталган өнүктүрүү демилгелерине натыйжалуу катышуусуна көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн", деп жазылган билдирүүдө.
БУУнун туруктуу өкүлү аталган мыйзам долбоору өлкөнүн коомдук-саясий иштеринде жарандык активисттердин ишине бөгөт коюшу ыктымалдыгына кабатырлыгын кошумчалады.
Билдирүү ээси мыйзамды БУУнун атайын баяндамачыларынын жана башка улуттук, эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде жарандык коомдун сунуштарын эске алуу менен кылдат жана инклюзивдүү карап чыгууну сунуштап, бул сунуштарды кыргыз бийлиги жана башка кызыкдар тараптар менен талкуулоого даяр экенин маалымдаган.
4-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышкан 66 депутат мыйзам долбооруна “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди. Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.
Мыйзамга ылайык, “Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.
Документ парламентте кабыл алынган соң Amnesty International, "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюмдары, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Канада, Франция, Германия, Британия жана АКШнын элчиликтери, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар президент Садыр Жапаровду бул мыйзамга вето коюуга чакырышты.(ZKo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 5,5 миңге чукулдадыЖурналист Гүлжан Шерипбаева 24.kg агенттигинин ээси, директору болдуПутинди куттуктаган өнөктөштөр, шайлоону сындаган лидерлерБишкек-Ош жолунда көчкү түшүрүү иштери болдуПутин шайлоодо 87% добуш менен утуп чыкты