Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:29

Бишкек-Ош жолунда көчкү түшүрүү иштери болду


Бишкек-Ош жолунда көчкү түшүрүү учуру. 17-март, 2024-жыл.
Бишкек-Ош жолунда көчкү түшүрүү учуру. 17-март, 2024-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 18-мартта кабарлагандай, Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү атайылап түшүрүү иштери жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, 17-март күнү жолдун Жалал-Абад облусунун аймагындагы 222-223-227-чакырымдарында аттыруу жолу менен кар көчкү түшүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мунун ичинен 222-чакырымда - Ала-Бел ашуусунда жалпы көлөмү 161 130 м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Түшкөн кар көчкүлөр унаа жолго жеткен эмес. 227-чакырымда көлөмү 46 910 м3 кар көчкү түшкөн.

ӨКМ кан жолдогу кар көчкүнү атайын түшүрүү учурунда жолдо маал-маалы менен чектөө киргизилип турарын эскертип, жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алууга жана сак болууга чакырган.

ӨКМ Бишкек-Ош жана башка тоолуу жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу жаралганын, мындан улам жолдордо машинелердин ортосунда 500 метрлик аралык сакталуусу тийиштигин эскертүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG