Орунбеков Аспековдун президент жөнүндө айткан сөздөрүн четке какты

Садыр Жапаров менен Мелис Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуялары маалында.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков мамлекет башчы Садыр Жапаровдун мурдагы тарапкери, азыр камакта жаткан активист Мелис Аспековдун соңку билдирүүлөрүн комментарийлеп, четке какты. Бул тууралуу пикирин Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Орунбеков Аспеков жазды делген каттагы маалыматтардын баары жалган экенин белгилеп, тескерисинче Мелис Аспековдун өзүн айыптады. Ал Октябрь окуяларынан кийин Аспеков Садыр Жапаровдун атына жамынып алып, ар кимди опузалап, акча алып жүргөнүн, кийин ошол фактылардын бири аныкталып, кармалганын белгиледи.

"Ошентип, көп өтпөй эле Мелис Аспеков “Кыргыз темир жолу” ишканасына барып 250 миӊ доллар алып кеткени билинип, УКМК тарабынан кармалып, камакка алынды. Мен билгенден эле Каныбек Туманбаевди "1 миллион доллар бересиӊ" деп кыйнаган. Ал кезде шайлоого даярдык болуп, башаламан мезгил болчу. Аспеков мындай учурдан пайдаланып ири жана орто бизнесмендердин далайынын канын сорду окшойт. Акчаны сапырып Чүйдө улак чаптырды, миллиондогон акчаны чачып Бишкекте эрежесиз эр уруш таймашын өткөрдү", – деп жазды Дайырбек Орунбеков.

Мунун алдында чет жакта жүргөн башка бир активист Тилекмат Кудайберген уулу (Күрөңов) Мелис Аспековдун абактан жазган катын жарыялаган. Анда Аспеков 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин өкмөт башчылыкка келген Садыр Жапаров башка саясий күчтөргө каршы күрөшүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон 3 млн доллар жардам алганын жазган. Мелис Аспеков акчаны Матраимовдон өзү алып, Жапаровго бергенин кеп кылган.

2020-жылы Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын башында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" деген айып тагылып, “алдамчылык” беренеси да кошулган.

Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирип келген. Президент Садыр Жапаров анын дооматтарын четке каккан.

2022-жылдын мартында Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, алгач жети жылга эркинен ажыраткан. Ошол жылы июлда Бишкек шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, Аспековду "алдамчылык" беренеси менен күнөөлүү деп таап, жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берген эмес. Судья анын алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

Активист 2023-жылдын май айында президенттин ырайымынын негизинде абактан бошотулган. Кийин ал Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, “пара катары берилди” деген акча өзүнүн каражаты болгонун билдирген жана аны Улуттук коопсуздук боюнча комитет кайра кайтарып бергенин жазган. УКМК муну төгүндөгөн.

2023-жылдын сентябрында социалдык тармактарда Мелис Аспековго байланыштуу деген аудио жарыяланган. Мунун артынан Ички иштер министрлиги аны кармап, эки берене менен айып таккан. Аспеков ал айыптарды четке каккан.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту быйыл 28-февралда Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан. (ErN)

Дагы караңыз

Ырчы жана активист Аскат Жетиген кармалдыИзраил барымтадагыларды бошотуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирдиТашиев менен Ятимов Тажикстанда кездешип, кыргыз-тажик чек арасын тактоону сүйлөштүСалык, бажы жана башка айрым органдарга ишкерлерди текшерүүгө кайрадан уруксат берилдиКендирбаева “чет элдик өкүл” мыйзамы билим берүүгө кедергисин тийгизбейт деген ишеничин билдирдиОрусиянын президентин шайлоо: Надеждиндин тарапкерлери кармалды