Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Салык, бажы жана башка айрым органдарга ишкерлерди текшерүүгө кайрадан уруксат берилди


Кыргызстандагы тигүү ишканаларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы тигүү ишканаларынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” өзүнүн жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу жаңы жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Ишкерлерди текшерүүлөрдү 2024-жылдын аягына чейин мораторий киргизүүгө багытталган биринчи жарлыкка президент 9-январда кол койгон.

Анын биринчи пунктунда “мыйзамдарды бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдөн” башка учурларда ишкердик чарбаларды текшерүүгө тыюу салынган болчу.

Жаңы жарлыкта мындай пункт сакталып калды. Мындан сырткары Салык кызматынын, Бажы кызматынын, тамак-аш коопсуздугу боюнча органдардын жана Улуттук банктын текшерүүлөрүнө да уруксат берилген пункттар киргизилди.

Кыргызстандын өкмөтү 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясы башталганына байланыштуу ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизген. Кийин ал узартылып жатып, 2022-жылдын 1-январына чейин күчүндө турду.

2023-жылдын аягына чейин ишкерлик чарбаларды текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылдын ноябрь айында кол койгон. Айрым депутаттар текшерүүлөрдү биротоло беш жылга чейин токтотууну сунушташкан.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 9-январында кабыл алган жарлыгын Фейсбуктагы баракчасында комментарийлеп, муну бизнести мамлекет тараптан колдоо деп сыпаттаган.
“Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, Президенттин администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот. Сөзсүз чара көрөбүз”, – деп жазган президент. (ErN)

XS
SM
MD
LG