Билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева Жогорку Кеңеш кабыл алган "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамынын билим берүү тармагына тийгизчү ыктымал таасирлери жөнүндө комментарийлеп, ал кабыл алынса “кедерги болбойт” деген пикирин билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” курган маегинде айтты.
Министр Кыргызстанда чет өлкөлүк каржылоонун негизинде иштеген окуу жайлар жана мектептер бар экенин белгилеп, алар саясатка кийлигишпесе мыйзам көйгөй жаратпайт деген көз карашын айтты.
“Мисалы, “Сапат” мектебинин жана башка жеке менчик мектептердин жоболорун карасаңар “коммерциялык эмес уюм” деп жазылган. Мындан сырткары Борбордук Азиядагы Америка университети бар. Башка да коллеждер, жеке менчиктер да бар. Ушундан улам бизде кооптонуулар болгон. Бирок ошол эле маалда кабыл алынган мыйзамда “эгерде сен саясий багытта иш алып барбасаң” деген жери бар. Булар саясатка тиешеси жок кызмат көрсөткөндүгү үчүн ошол категорияга кирбейт деп ишенимим бар. Менимче отчёт берүүдө толук тазалык жана ачыктык болсо бул мыйзамдын чегинде иштей берсе болот. Алар болгону каражат кайсы багыттарга жумшалып жатканын так көрсөтүшү керек. Албетте, бул документ кайсы бир деңгээлде чектөө болушу мүмкүн. Айрыкча ал диний багытта билим берген жайларды, же чет өлкөлүктөр түзгөн башка мектептерди да камтып калышы ыктымал. Эми алар бардык каржылоосу жөнүндө толук маалымат берүүгө милдеттүү болуп калат”, – деди Доктургүл Кендирбаева.
Журналисттин “Кыргызстан буга чейин билим берүү тармагына, анын ичинде окутууга, мектептердин, окуу жайлардын инфратүзүмдөрүн жаңылоого, тамак-аш жана китеп менен камсыздоого келип жаткан каражаттар токтоп же азайып калуу коркунучу жокпу?” деген суроосуна министр “ал программалар үзгүлтүккө учурабайт” деген оюн айтты.
Ал бул багытка келип жаткан каражаттардын жарымы насыя, жарымы грант түрүндө келерин, аларды Кыргызстан кийин кайтарарын, же тиешелүү милдеттемелер менен кутуларын кошумчалады. Кендирбаева бул каражаттар ошондой эле Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна жана башка эл аралык уюмдарга мүчө болгону үчүн келип жатканын, ошондуктан “ал каражаттар токтоп калат деген коркунучтарга” ишенбей турганын белгиледи.
14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышкан 66 депутат мыйзам долбооруна “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди. Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.
Мыйзамга ылайык, “Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.
Документ парламентте кабыл алынган соң Amnesty International, "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюмдары, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Канада, Франция, Германия, Британия жана АКШнын элчиликтери, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар президент Садыр Жапаровду бул мыйзамга вето коюуга чакырышты. (ErN)