Израил барымтадагыларды бошотуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы израилдиктерди бошотуу боюнча ХАМАС тобунун (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) соңку сунушун четке кагып, аны “абсурд” деп атады. Ошол эле маалда ал Газадагы ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Катарга өзүнүн өкүлдөрүн жөнөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Reuters басылмасы кабарлады.

Нетаньяху мындан сырткары Израилдин армиясын Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына кирүү планын бекитти. Ал операция качан башталарын тактаган жок.

“Эл аралык коомчулуктун басымына карабай биз Рафахка киребиз, ХАМАСтын калган батальондорун жок кылабыз, Израил мамлекетинин жана элинин коопсуздугун жана толук кандуу жеңишин калыбына келтиребиз”, – деди ал.

Мунун алдында ХАМАС 40 кишини барымтадан коё берүүнү сунуштаган. Согушкер топ бул үчүн "кармаштар алты аптага токтоп, палестиналык туткундардын бир тобу азат кылынып, жардам жеткирүү жеңилдетилүүгө тийиш" деп талап кылган. Келишимге Орозо айы башталгыча жетишүү максаты колган. Израил барымтадагы бардык туткундарды бошотуу талабын койгон. Натыйжада бул сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктаган.

АКШ, Катар жана Египет согушкан тараптар менен мунаса табуу аракетин көрүп келатат. Алар ошондой эле Израилди Рафах шаарына кирбөөгө чакырып келатышат.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Алар башка шаарларды талкалагандан улам миллиондогон палестиндер Рафах шаарына келип корголоп калышты.

Газа секторунун ХАМАСка баш ийген Саламаттык сактоо министрлиги ошондон бери 30 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын билдирүүдө.

Эки тарап акыркы ирет туткундарды былтыр ноябрдагы кыска мөөнөттүү тынчтык келишиминин алкагында алмашкан. Анда 105 израилдик жаранга Израилдин түрмөлөрүндө жаткан 240 палестиндик алмаштырылган. Израилдин бийлиги Газада дагы 130 адам барымтада жатканын, анын 30у өлтүрүлгөн болушу мүмкүн экенин билдирип келатышат. (ErN)

Дагы караңыз

Ташиев менен Ятимов Тажикстанда кездешип, кыргыз-тажик чек арасын тактоону сүйлөштүСалык, бажы жана башка айрым органдарга ишкерлерди текшерүүгө кайрадан уруксат берилди“Чоң жети” өлкөлөрү Иранга кайрылып, Орусияга баллистикалык ракета бербөөнү эскерттиКендирбаева “чет элдик өкүл” мыйзамы билим берүүгө кедергисин тийгизбейт деген ишеничин билдирдиОрусиянын президентин шайлоо: Надеждиндин тарапкерлери кармалды12 жылдык орто билим берүү жөнүндө тескеме жактырылдыСадыр Жапаров мечитке барып, кызамык оорусу күч алганын айтты