Базар-Коргондон дайынсыз болуп жаткан келин үч баласы менен Бишкектен табылды

Дайынсыз болуп, табылган аял балдары менен. Милиция тараткан сүрөт.

Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну, үч баласы менен дайынсыз болуп жаткан 36 жаштагы аял Бишкек шаарынан аман-эсен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мурдараак милиция 36 жаштагы Наргиза Абдалиева аттуу аял 28-февраль күнү 3 баласы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын кабарлап, издөө жарыялаган. Ал 11 жана 7 жаштардагы эки кызы, 2 жаштагы бир уулу менен чыгып кеткени айтылган.

Маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактарга тараган соң келин өзү байланышка чыккан. Ал үйүнөн жумуш издөө үчүн эч кимге айтпастан чыгып кеткендигин билдирген.

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келиндин Бишкек шаарында жашаган жерине барып, кабар алышты. Милиция кайдыгер карабай көмөктөшкөн медиа өкүлдөрүнө жана жарандарга ыраазычылык билдирди. (TB\ErN)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров мечитке барып, кызамык оорусу күч алганын айтты12 жылдык орто билим берүү жөнүндө тескеме жактырылдыБУУ туткунда кыйноого кабылган украиналыктар тууралуу баяндама даярдады АКШ–Борбор Азия экономикалык форуму өттүОдессага жасалган кош чабуулдан каза болгондор 14кө жеткени кабарланды