Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

БУУ туткунда кыйноого кабылган украиналыктар тууралуу баяндама даярдады


Украиналык туткундардын жакындары пикетте. 2022-жыл.
Украиналык туткундардын жакындары пикетте. 2022-жыл.

Украинадагы согушта адам укугу бузулган окуяларды иликтеген комиссиянын эксперттери кезектеги баяндамасын даярдашканын бүгүн 15-мартта Би-Би-Си жана бир катар маалымат агенттиктери жазышты. Комиссия 2022-жылдын март айында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин чечими менен түзүлгөн.

Келерки аптада Женевада жарыялана турган документте орус аскерлеринин “системалуу жана кеңири масштабдагы” мыйзам бузуулары тууралуу баяндалганы, аларды аскер кылмышы жана адамзатка каршы кылмыш деп бааласа болору белгиленди.

Баяндаманын көпчүлүк бөлүгүндө Орусияга туткунга түшүп калган украиналык аскер кызматкерлери кабылган кыйноо жана мазактоо фактылары камтылган, алар тууралуу мурдагы туткундар жана орусиялык дезертирлер өзүлөрү айтып берген.

Уруп-сабоо, сексуалдык зомбулук, тамак же суу бербей кыйноо, электрошокер колдонуу фактылары баяндалган.

Украин жарандарынын укугу бузулган окуялар да бар экени, алар негизинен Орусия менен кызматташкан деп айыпталганы, бирок, маалымат берүүдөн таптакыр баш тартып койгон орус тарапка караганда Украинанын расмий адамдары БУУнун эксперттери менен кызматташып турганы белгиленди.

Баяндамада Украинанын Херсон облусунун оккупацияда калган бөлүгүндөгү балдарды аннексияланган Крымга алып кетишкен окуялар да камтылган, укук коргоочулар мындай фактыларды күчтөп депортациялоо катары иликтесе болорун белгилөөдө.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Өзү бул согушту «атайын аскердик операция» деп атап, орус аскерлери Украинанын аймагында кандайдыр бир кылмышка аралашпаганын, бутага Украинанын аскердик объектилери гана алынып жатканын айтып келет. Тургундары жапырт жок кылынган Буча жана Мариуполь шаарларындагы кыргынды Орусия фейк деп атоодо жана украиндердин өзүлөрүн айыптоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG