Украинанын Одесса шаарында бүгүн 15-мартта ракеталык чабуулдардан кеминде 14 адамдын өмүрү кыйылганын, арасында Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик башкармалыктын фельдшери жана кызматкери бар экенин облустук администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди.
46 киши, арасында куткаруучулар, жараат алганы кабарланды.
16-март Одессада аза күтүү күнү деп жарыяланды. 3-мартта да бул шаарда 12 киши, арасында беш бала каза тапканда аза күтүү күнү болгон.
Бүгүн орус аскерлери Одессага сокку уруп, куткаруу иштери жүрүп жаткан жерге кайрадан чабуул койгону, баллистикалык ракета колдонулганы маалымдалды. (RK)