Беларуста Орусиядан аскердик чакыруудан качып жүргөн тажикстандык жаран кармалганын 14-мартта Москванын Тергөө комитети билдирди. Тергөөнүн маалыматына караганда, Тажикстандын 19 жана 20 жаштагы эки жараны Орусиянын жарандыгын 2019-2022-жылдары алышкан, бирок былтыр 22-октябрда аскердик анык кыматка чакырылганда Москвадагы аскердик комиссариаттын топтоо пунктунан качып кетишкен.
Орусияда аларга каршы «аскердик кызматтан баш тартуу» деген айып сыртынан тагылып, издөө жарыяланган.
Тергөөчүлөр жана кылмышкерлерди издөө кызматкерлери алардын бири Беларуста экенин аныктап чыгып, кармап, Москвага жеткиришкен. Кармалган жаран сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алган көрсөтмө берген.
2022-жылдын февраль айында Украинага кол салгандан кийин орус бийлиги согушка мигранттарды азгыра баштаган. Алардын документин текшерген бир катар рейддер былтыр жыл соңунда Москвада, Санкт-Петербургда жана башка шаарларда өткөн. Орусиянын жарандыгы барларды аскер комиссариатына жөнөтүп, аскерге баруудан баш тарткандарды жоопко тартуу башталган.
Байкоочулардын айтымында, согушка карабастан Орусиянын жарандыгын алууга кызыккан тажикстандыктар көбөйүүдө. 2021-жылы бул өлкөнүн 103 миң жараны орус паспортун алган, 2022-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч 119 миң, ал эми 2023-жылдын биринчи кварталында эле дээрлик 45 миң адам болгон.
Орусия менен Тажикстандын ортосундагы кош жарандуулук тууралуу келишимге ылайык, мекенинде аскердик кызматын өтөгөн тажикстандыктар Орусияда резерв катары катталат.
Аскерге мобилизация Орусияда согуш башталгандан жарым жылдан кийин, 2022-жылдын сентябрында жарыяланган. (RK)
Дагы караңыз
Пикир үчүн айыпталган Каныкей Аранованын соту жылдыФинляндия Орусия аркылуу башпаанек сурагандарга бөгөт коюуну көздөөдө"Чет элдик өкүл": ишенимге доо кетирип, ишкерликти аксаткан мыйзамУкраина согушта каза болгон дагы 100 аскеринин сөөгүн кайтарып алды