Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Украина согушта каза болгон дагы 100 аскеринин сөөгүн кайтарып алды


Украина. Архивдик сүрөт. 2022-жылдын 8-сентябры.
Украина. Архивдик сүрөт. 2022-жылдын 8-сентябры.

Украина согушта каза болгон дагы 100 аскер кызматкеринин сөөгүн Орусиядан кайтарып алганын бүгүн 15-мартта өлкөнүн аскер туткундары боюнча координациялык штабы билдирди.

Куралдуу күчтөрдүн тийиштүү бөлүктөрү маркумдардын сөөгүн укук тартибин коргоо органдарына жана соттук-медициналык эксперттерге өткөрүп берип жатышканы, идентификация иши аяктагандан кийин туугандарынын колуна берилери маалымдалды.

Буга чейин Украина 58 аскеринин сөөгүн кайтарып алган, Орусияга 61 сөөктү өткөрүп берген.

Координациялык штабдын ишине Кызыл Чырым эл аралык уюму, Украинанын Коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги жана башка мекемелердин өкүлдөрү көмөк көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG