Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Финляндия Орусия аркылуу башпаанек сурагандарга бөгөт коюуну көздөөдө


Финн-орус чек арасы. Архивдик сүрөт.
Финн-орус чек арасы. Архивдик сүрөт.

Финляндия Орусиянын аймагынан кирип башпаанек сурагандарга бөгөт коюучу убактылуу мыйзам иштеп чыгууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн 15-мартта финн өкмөтү билдирди.

Мыйзам кабыл алынса чек арачыларга андай адамдарды өлкө аймагына киргизбей коюу укугу берилет.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1340 чакырымды түзөт. Финляндия Европа Биримдигинин аймагына кирүүгө уруксаты жоктордун агымы күчөгөнүн айтып чек арадагы өткөрмө бекеттеринин баарын былтыр жыл соңунда жаап койгон.

Бирок өтүүнү каалагандар дагы эле көп болуп жатканын, жаз келип, күн жылый баштаганда андан да арбый турганын белгилеген финн бийлиги Орусияны айыптоодо.

Кремль мындай айыптоолорду четке кагып, негизсиз экенин айтып келет.

«Финляндия инструменталдык миграциянын объектисине айланды. Орусиянын бийлиги миграция агымын токтотууга аракет көрбөгөнү аз келгенсип, ага өзү шыкакчы болууда», - деди премьер-министр Петтери Орпо.

Ички иштер министрлиги "Финляндия Орусиянын басымы узак болоруна даяр турушу зарыл", - деп билдирди жана миңдеген киши чек аранын Орусия тарабында топтолуп турганын белгиледи.

Ал эми Чек ара кызматы былтыр август-декабрь айларында эле Йемен, Сомали жана Сирия мамлекеттеринин 1300дөн ашуун жараны Финляндиядан башпаанек сурап Орусиянын аймагынан киргенин, ага чейинки жылдары бул көрсөткүч күнүнө бир кишиден гана болуп келгенин маалымдады.

НАТО уюмуна кирүү ниети жок экенин 75 жылдан бери билдирип келген Финляндия Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан кийин позициясын өзгөртүп, 2023-жылдын июль айында ага толук мүчө болуп кошулду.

Украинадагы согушуна чейин Орусиянын НАТО аймагы менен чек ара тилкеси 1,2 чакырым болчу, бул уюмга Финляндия кошулгандан кийин 2,6 чакырымга жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG