Сырский Орусия негизги күчүн Авдеевка багытында топтоп турганын айтты

Александр Сырский.

Орусия Украинага каршы согушунда негизги күчүн азыркы тапта Авдеевка багытында топтоп, соңку бир нече күндөн бери украиндердин коргонуусун бузуп өтүүгө аракет кылып жатканын бүгүн 15-мартта өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирди.

Сырский фронттун ошол тилкесине барып келгенин, орус аскерлеринин чабуулдары артиллериялык жана дрон соккулары менен коштолуп, авиабомбалар колдонулуп жатканын айтты.

15-мартка караган түнү Орусия Украинанын Кировоград, Николаев, Харьков, Херсон, Хмельницкий, Винницы жана Киев облустарынын аймагына учурган 27 учкучсуз учактын баары атып түшүрүлгөнүн, Харьков жана Донецк облустарына С-300/С-400 зениттик ракеталарынан жетини, ал эми Полтава облусуна Х-59 ракетасынан бирди учурганын украин аскерлери билдиришти.

Винницы облусунда орус аскерлеринин чабуулдарынан үйлөр талкаланганы, эки киши каза болгону маалымдалды.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет. (RK)

Дагы караңыз

Бишкекте эки айлык ишембилик жарыяландыКыргызстандагы бейөкмөт уюмдар президент Жапаровго кайрылыштыВице-мэр Суеркулов көчөсүндөгү имарат тууралуу маалымат бердиЭмгек министри БУУда Кыргызстандагы аялдардын өнүгүүсү жөнүндө маалымат берди