Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Вице-мэр Суеркулов көчөсүндөгү имарат тууралуу маалымат берди


Талаш жараткан имарат. Март, 2024-жыл.
Талаш жараткан имарат. Март, 2024-жыл.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров 15-мартта парламенттеги “Ишеним” фракциясынын жыйынында Бишкектин Суеркулов 16/1 дарегиндеги талаштуу имарат тууралуу маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, имарат жайгашкан жер 2008-жылы бизнес борбор үчүн 49 жылга ижарага берилген. Курулуш иштери 2017-жылы башталып, кийин турак жай катары сатылып кеткен.

“Азыр имараттан чыгарылгандардын ичинен турак жайга муктаж эки үй-бүлөнү мунициалдык батирлерге киргиздик. Андан тышкары алты адамга убактылуу жашаганга батир таап бердик. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир алып берүү боюнча иштер жүрүп жатат”, - деди ал.

Бишкектин Суеркулов 16/1 дарегинде жашаган имараттагы маселе өткөн айда башталган. 9-февралда талаштуу имаратка Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев баштаган шаар бийлиги келип, жашап жаткан 60тан ашык үй-бүлөгө 1-мартка чейин чыгып кетүүнү эскерткен.

Тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтып чыгышкан. 1-мартта көп кабаттуу имараттын электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотулганын айтты. Орто-Сай базарынын жанындагы имаратка милиция кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери келген.

Жашоочулар мындан кийин да үйдөн чыгуудан баш тартып, мэр менен кайра кездешкен. Алар президентке жана депутаттарга кайрылып, жардам сурашкан.

Былтыр апрелде Жогорку сот бул имараттын жашоочулары менен “Квартал-Строй” компаниясынын келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан. “Квартал Строй” ишканасынын директору Асыл Талиповага соода жайын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Имарат “Нур-Жаннат-ЛТД” компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлгөн. Бул ишкана Бишкек мэриясынан коммерциялык муктаждыктар үчүн деп белгиленген 12 сотых жерди 49 жылга ижарага алган. “Нур-Жаннат-ЛТДнын” юристи Нурбек Сабиров буга чейин курулушка чет өлкөлүк инвесторлор 3 миллион доллар салганын, жалданма компания “Квартал-Строй” элге батир кылып сатып жибергенин айткан.

Курулуштун долбоору боюнча 9 кабаттуу имараттын эки кабаты бизнес үчүн, жогорудагы кабаттары жумуш кеңсеси деп пландалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG