Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Эмгек министри БУУда Кыргызстандагы аялдардын өнүгүүсү жөнүндө маалымат берди


Кыргызстандан барган делегация.
Кыргызстандан барган делегация.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова баштаган делегация Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясында өлкөдөгү аялдардын өнүгүүсү жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Министр Кыргызстанда аялдар айыл чарба, билим берүү, инновация, саламаттык сактоо, туризм, кол өнөнчүлүк, кызмат көрсөтүү сыяктуу бизнес жана жашыл экономиканы киргизүүдө активдүү катышып жатканын белгиледи.

Батырова аялдардын жакырчылыгын чечүүдө билим берүү, аялдарды ишке орноштуруу, заманбап санариптик технологияларга үйрөтүү, зомбулукка жана басмырлоочу стереотиптерге каршы күрөшүү сыяктуу комплекстүү чараларды кабыл алуу керек экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы Кыргызстан гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган.

Коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн кесиптерде, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.

Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 20сын аялдар түзөт. Министрлер кабинетинде 21 мүчө болсо, анын үчөө - аял министр. (TSh)

XS
SM
MD
LG