Бишкекте эки айлык ишембилик жарыяланды

"Эркиндик" гүлбагындагы ишембилик. Бишкек. 2019-жыл.

Бишкек шаар мэриясы 11-марттан тартып, шаарды жашылдандыруу, санитардык тазалыкты камсыз кылуу жана көрктөндүрүүгө арналган иш-чаралардын эки айлыгы жарыяланганын билдирди.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда Муниципалдык инспекция жалпы шаардык ишембиликтерге карата жергиликтүү бийликтердин жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Аймактык башкармалыктардын өкүлдөрүнө шаардыктарды жанаша жайгашкан жерлерди тазалоого, короо тилкелерин, сейил бактарды, скверлерди көрктөндүрүүгө, жолдорду, тротуарларды жана унаа токтоочу жерлерди тийиштүү абалга келтирүүгө, газондорду кургак шагылдардан жана былтыркы жалбырактардан тазалоого активдүү катышууга чакыруу зарылчылыгы айтылды.

Түшүндүрүү учурунда ишембиликте таштандыларды, өсүмдүктөрдүн калдыктарын өрттөөгө жол бербөө эскертилди.

Эки айлык ишембиликтин жүрүшүнө муниципалдык инспекция көзөмөл кылат.

Өлкөдө жаз алды республикалык ишембилик өткөрүү салтка айлынган. Ага айрым учурларда президент баш болгон мамлекет жетекчилери дагы катышат.

Ишембиликте көчөлөрдү жана короолорду тазалоо, мамлекеттик мекемелердин, турак жайлардын тышкы көрүнүшүн жана айланасын оңдоо, түнкү чырактарды калыбына келтирүү жана орнотуу, айыл-кыштактарга жана шаарларга бак-дарак тигип, гүл отургузуу, муниципалдык жолдорду оңдоо иштери жүрөт.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар президент Жапаровго кайрылыштыВице-мэр Суеркулов көчөсүндөгү имарат тууралуу маалымат бердиЭмгек министри БУУда Кыргызстандагы аялдардын өнүгүүсү жөнүндө маалымат берди Жыл башынан бери 26 377 миң балага сүйүнчү пул берилди