RSF президент Жапаровду "Чет элдик өкүл" мыйзамына кол койбоого чакырды

Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыккан. 10-июнь, 2023 Бишкек

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду "Чет элдик өкүл" мыйзамына кол койбоого чакырды. Уюмдун бул билдирүүсү Х соцтармагына (Твиттер) жарыяланды.

Анда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 14-мартта кабыл алган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору көз карандысыз ЖМКларды, жарандык коомду олуттуу муунтуу коркунучуна алып келери жазылган.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышкан 66 депутат мыйзам долбооруна “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди.

Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 14-мартта онлайн брифингде "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам жарандык коомдун ишмердигине коркунуч жаратпайт деп билдирди. Байсалов мыйзам долбооруна карата айтылып жаткан сындар менен кооптонууларды четке какты.

АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери президент Садыр Жапаровду жана Жогорку Кеңешти өлкө ичиндеги жана башка тынчсызданууларды эске алып, бул мыйзамды кайра карап чыгууга чакырды.(ZKo)

Дагы караңыз

Жалал-Абадда жашыруун медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлдуФейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Төрөкулованын жана Асановдун иши кайра шаардык сотто каралат“Кыргызгаздын” “Газпромго” өткөнүнө 10 жыл: Убада канчалык аткарылды?Орусия президентин шайлоо: "Путинге каршы чак түш" акциясы УКМК Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекетке өткөнүн билдирди